14-16-ноябрь күндөрү Ош шаарында спортчу жана коомдук ишмер Баяман Эркенбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш чоңдор арасында өтүп, 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмактагы балбандар күч сынашат.