• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

7 Чын куран 202114:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-мартта Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарык дүйнөгө келген.

«Ымыркайлардын үчөө тең уул. Биринчисинин салмагы – 1,360 кг, экинчиники – 1,280 кг, үчүнчү төрөлгөн баланын салмагы 1 кг»,-деп айтылат маалыматта.

27 жаштагы келин ымыркайлары менен учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. 9-апрелде үйүнө чыгарылат.

Количество просмотров: 184