• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүйүнчү! Окуучулардын тамагына мурда 7 сом бөлүнсө, азыр 14 сом бөлүнөт!

30 Аяк оона 202415:06 Бишкек Govori.TV


Башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамактын суммасы жогорулады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев 30-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыр бир окуучунун тамагына 14 сом бөлүнөт, мурда ал 7 сомду түзчү.

Депутат Гүлкан Молдобекова күн сайын баалар көтөрүлүп жаткандыктан, азык-түлүктү сатып алуу, сактоо маселесин чечүү керектигин айтты. «Мектептер окуу жылына карата сатып алууларды жасоого аракет кылып жатышат», — деп жооп берди Супаналиев.

Молдобекова сатып алуулар тендер аркылуу жүргүзүлүп, бир жылдан бери келишимдер түзүлбөй жатканын айтты.

Количество просмотров: 111