• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм төрөлдү

1 Жетинин айы 2019 18:06 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда Ноокат районунун тургуну Наврузхан Х. эки уул жана бир кызды жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин биринчиси — 1 кг 770 грамм, экинчиси — 1 кг 690 грамм, үчүнчүсү — 2 кг 855 грамм (кыз). Азыркы тапта, эненин жана балдардын ден соолугу жакшы.

Кошумчалай кетсек, Үч эмдин апасы Наврузхандын буга чейин дагы эки кызы бар болчу.

Количество просмотров: 186