• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сүлүктүдө мыйзамсыз иштеп жана жашап жаткан Тажикстандын 11 жараны кармалды

13 Бугу 202211:50 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде Тажикстандын жарандары мыйзамсыз жашап, иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

29-апрелде Сүлүктү шаарында мыйзамсыз эмгектенип жүргөн Тажикстандын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын 11 тургуну кармалган.

Бул факты боюнча УКМК 30-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иш козгогон.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, учурда сурак берип жатат.

Количество просмотров: 134