• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үсөнбаев: Компенсация берүү үчүн жалпы 800 медкызматкердин документи каралып жатат

5 Аяк оона 20209:04 Бишкек Govori.TV

4-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жумуш учурунда COVID-19 илдетине чалдыккан жана аталган оорудан каза болгон  медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учурду комиссия иликтеп жатат.

«Бүгүнкү күндө коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча төлөнүп берилген. Мындан сырткары дагы 34 учур иликтенип жатат», — деди Үсөнбаев.

Ал эми кызмат учурунда коронавируска кабылган медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Бүгүнкү күндө Ош облусунан 113, Талас облусунан 33, Чүй облусунан 337, Баткен облусунан 25, Нарын облусунан 35, Ысык-Көл облусунан 48 медкызматкер коронавирус жуктургандыгы тууралуу документтерин беришкен. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан 14 документ келип түшкөн. Бишкек шаарындагы санэпидемстанция, Улуттук госпиталь жана бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан да документтер тапшырылып, 200 миң сом компенсация берүү үчүн жалпысынан 800 медкызматкердин документи каралып жатат.

Количество просмотров: 62