• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

С.Жээнбеков: 19 жаштагы Бурулайдын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек

4 Кулжа 2018 13:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.06.2018. Govori.TV
Президент Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга  өзгөчө көңүл бурду. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканда, бул окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.
«Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган мыйзам базасын жакшыртуу маселесин карап чыгууну сунуш кылды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуя болгон эле күнү дароо жыйын өткөрүп, бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.
Ошондой эле балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары боюнча дагы чечкиндүү чараларды көрүү боюнча жыйындар өткөрүлгөн.
Ал Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Эске сала кетсек, 27-май күну, 29 жаштагы жигит  Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып бараткан 19-жаштагы кызын бычактап, андан кийин өзүнө кол салган. Натыйжада кызы каза таап, бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Количество просмотров: 29