• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

С.Жээнбеков: Түрмөлөрдүн кызматкерлери криминалдык чөйрө менен тыгыз аралашып кетишкен

8 Бирдин айы 2018 17:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.02.2018. Govori.TV.

Айрым кызматкерлер, атап айтканда, колониялардын жана түрмөлөрдүн кызматкерлери криминалдык чөйрө менен тыгыз аралашып кетишкен. Бул тууралуу 8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков, коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

«Жазаларды аткаруу кызматынын ишин карайлы. Айрым кызматкерлер, атап айтканда, колониялардын жана түрмөлөрдүн кызматкерлери криминалдык чөйрө менен тыгыз аралашып кетишкен. Кызматкерлердин айрым функцияларын  кылмышкерлер аткарып калышкан. Бул көрүнүш коррупциянын акыркы чегине жеткенин далилдеп турат!»,-деди президент

Анын айтымында, колонияларда жана түрмөлөрдө криминалдын төбөлдөрү өзүн эркиндикте жүргөндөй эле сезип калышкан. Камакта отургандар үчүн бангизатка, мобилдик байланышка жана интернетке жетүү оӊой эле болуп калган.

«Бул көрүнүштөрдү түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Болбосо,  мындай илдет бул системаны  жеп жок кылат. Мен бул Кызматтагы кырдаалды жоюу боюнча токтоосуз, чечкиндүү кадамдарды талап кылам!»,-деди С.Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралды.

Количество просмотров: 1