• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сабировдун ордуна ким депутат болуп келет?

11 Жалган куран 2022 16:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта депутат Равшанбек Сабиров жаңы түзүлгөн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болгон Сабировдун бош калган мандатын Абдыбахаб Боронбаев алуусу мүмкүн.

Бирок, азырынча бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Абдыбахаб Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унивеститетин «чарба жумуштары боюнча бухгалтердик учет жана анализ» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1993-1995 ― Кара-Суу керектөөчүлөр союзунда товар боюнча адис;
  • 1996-2010 ― Мамлекеттик бажы кызматында ар түрдүү кызматтарда эмгектенген.

Белгилей кетсек, 2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.

Количество просмотров: 3933