• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садык шер-Нияз: “Текебаевдин атын тарыхтан эч ким өчүрүп сала албайт, ал кыргыз саясатында №1 бойдон кала берет”

14 Кулжа 2018 14:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV

Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартып, өздөрүнүн уятын жашырганга аракет кылды. Анткени, прокуратура Текебаевге башында эле мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон. Мындай пикирин «атамекенчи» депутат Садык Шернияз билдирди.

Ал тастыкталган фактыларга, далилдүү кагаздарга да көңул бурулбай, иш боюнча табылган жаңы жагдайлардын негизси экенинин айтылышы Текебаевдин ишинде саясий боек бар экендигин дагы бир жолу далидегендигин айтат.

“Ким канча каалабасын, Текебаевдин атын жаманатты кылып, анын атын тарыхтан эч ким өчүрүп сала албайт. Текебаев кыргыз саясатында №1 бойдон кала берет. Ал эми анын түрмөдө отурушу убактылуу сыноо. Акталып чыгаар күнү алыс эмес. Муну бүгүнкү бийлик да билип коюшу керек”, — деди Садык Шер-Нияз.

Количество просмотров: 8