• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Садык Шернияз: “18 млн. долларга ТЭЦтин 3 гектар жерин алтын пластинка менен жаап чыкса болот…”

17 Бугу 2018 12:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.01. 2015. Govori.TV
“Келишимде 18 млн. доллар демонтажка кетиптир. Бул акчага менин оюмча алтынды эритип туруп, ошол курулуш ээлеп турган 3 гектар жерди алтын пластинка менен жаап чыксак жетмек…”
Бул сөздү Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча парламенттеги жыйында депутат Садык Шернияз айтты.  Анын белгилешинче, ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишим башынан эле туура эмес түзүлгөн.
“Баалар ичине жашырылган, аттиш 600 доллар экени  көрсөтүлбөгөн документтерге кантип кол коюп, макулдук бергенсиңер, анан аны кантип парламентке алып келип жактагансыңар, таптакыр түшүнүксүз. Бул маселе башталгандан бери 5 премьер-министр алмашкан, вицелер алмашкан, ошонун баары ушул жерге отурушу керек эле”,-деди ал.
Эске сала кетсек, бүгүнү үчүнчү күнү парламент ТЭЦтеги авария жана модернизацияга кеткен 386 млн. доллар боюнча депкомиссиянын корутундусун талкуулап жатышат.
Количество просмотров: 12