• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров эртең камактан чыгабы?

28 Бугу 2018 10:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.05.2018. Govori.TV

Садыр Жапаровдун ишин эртең Жогорку Сот карайт. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, эртең Садыр Жапаров акталып, камактан бошотулушу мүмкүн.

“Жапаров эртең Жогорку сот тарабынан акталышы керек. Сотторубуз канчалык мыйзамдуу иштей баштагандыгын ушундан билебиз. Анткени, буга чейин ага карата райондук соттор мыйзамсыз чечим чыгарышкан. Жапаровдун күнөөсү жок. Ал толук акталышы зарыл”, — дейт адвокат Шарабидин Токтосунов.

Эске салсак, мурдагы депутат Садыр Жапаров “бейбаштык”, “адамды барымтага алуу” жана “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү” беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Аны 2017-жылы 25-мартында Казак-Кыргыз чек арасынан өтүп жатканда, күч органдары кармап кетишкен. 2-августта Биринчи май райондук сот Жапаровду 11,6 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Шаардык сот аны күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 15