• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Садыр Жапаров АКШнын президентине көңүл

12 Баш оона 202312:21 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров АКШ президенти Джозев Байден-кенжеге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып телеграмма жолдоду.

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 310