• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Газадагы окуяларды Эл аралык сотто иликтөөнү талап кылды

24 Аяк оона 202510:54 Бишкек Govori.TV

“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?” — деп суроо салды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи.

Ал бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабоого чакырды.

“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!”, — деди мамлекет башчысы.

Президент тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу: «Эки эл үчүн – эки мамлекет» принцибин ишке ашыруу экенин баса көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин айтты.

Количество просмотров: 106