• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Агама сотко бериңиз деп кеңеш бердим». Салянова ЭлТРдин иликтөөсү тууралуу…

16 Тогуздун айы 202512:03 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иш тууралуу билдирүү жасады.

Салянова буга чейин да соцтармак аркылуу 11 жыл мурда болгон кылмыштын Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай байланышы барын айтмакчы болгон. Бирок көп узабай тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берүү белгисиз убакытка жылдырган.

Ал эми кечээ, 15-октябрда ЭлТР телеканалы Ички иштер министрлиги менен бирге жасаган иликтөөсүн жарыялаган. Анда Ысык-Көлдөгү 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалган жаран дагы ушул сыңары жети оор кылмышка тиешеси бар экени тууралуу маалымат айтылат. Иликтөөдөгү маалыматка таянсак, шектүүнүн 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар.

Аталган иликтөө жарыяланган соң Салянова түз эфирге чыгып, анда айтылган айрым жагдайлар тууралуу нааразы пикирин айтты.

Количество просмотров: 1053