• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти — коштоп кеткендер

9 Теке 2023 10:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти.

Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Айгүл Жапарова — Президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Эдиль Байсалов — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Муратбек Азымбакиев — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Айбек Артыкбаев — Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;

Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангельдиев — экономика жана коммерция министри;

Умбриэль Темиралиев — Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;

Самат Насирдинов — айыл чарба министринин орун басары;

Эмиль Осмонбетов — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

Количество просмотров: 119