2026-жылдын 10-апрелинде Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына барып, бир катар маанилүү объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” заводуна барды. Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетип, негизинен “Таза суу” долбоорунун объектилерин, мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдү, ошондой эле эл аралык уюмдарды продукция менен камсыз кылат.
Заводдо Россия, Иран жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Заманбап технологиялык жабдуулар суу түтүктөрүн жана канализация системалары үчүн кеңири ассортименттеги продукция чыгарууга мүмкүндүк берет.
2025-жылдын январынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык продукция өндүрүлүп, сатылган. Ошол эле учурда 100 млн сомго жакын салык төлөнгөн. Президент өндүрүш процесси менен таанышып, ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.
Андан соң Ак-Буура дарыясы боюнча жүргүзүлүп жаткан тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү каралды. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев маалымдагандай, дарыянын 17 чакырым тилкесине талдоо жүргүзүлүп, иштерге 24 млн сом бөлүнгөн.
Учурда 22 атайын техника тартылып, дарыянын нугунан 323 миң тоннадан ашык сел калдыктары жана кум-шагыл чыгарылды. Тазалоо иштерин 15-апрелге чейин аяктоо пландалууда.
Мамлекет башчысы суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну тапшырды.
Булак: Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий басма сөз кызматы.