• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

21 Теке 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тамчы» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Количество просмотров: 492