Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу ал видео кайрылуу жарыялады.
Жактоочунун айтымында, “Мекенчил” партиясынан өз ордун таба алган эмес.
“Бүгүнкү күндө “Мекенчил” саясий партиясы “Садыр Жапаровду абактан чыгаруу үчүн парламентке аттандык” деп жатышат. Мен алардан сурасам “сүйлөшүү жолу менен чыгарабыз дешти”. Мен андай болбой тургандыгын айтып, парламентке барып мыйзамдуу жол менен чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин белгиледим. “Мекенчил” партиясынын катарынан ордумду таба албай Адахан Мадумаров менен сүйлөшүп, аларга кошулдум. Парламенттик шайлоого “Бүтүн кыргызстан” партиясы менен барам”, – деди Токтосунов.