Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы республикалык курултайын өткөрүп, Сагынбек Абдрахмановду КСДП партиясынын лидери деп шайлагандыгы белгилүү.

Жыйында партиянын жаңы саясий кеңеши да түзүлгөн. Сагынбек Абдрахманов учурда КСДП партиясына атайын кат жиберилгенин, Атамбаев бара калса эле Сагынбек “ме” деп кармата койбостугун, учурда жооп күтүп жатышканын айтты.

Ал эми Алмазбек Атамбаевди жактаган партия мүчөлөрү бул кыймылдын өткөргөн жыйынын башынан эле легитимсиз деп четке кагууда.