• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саламаттык сактоо министрлиги: Чет жерде жүргөн 5 кыргызстандык коронавирус жуктурган

27 Жалган куран 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова чет жерде коронавирус жуктурган канча кыргызстандык бар экенин айтып берди.

Анын айтымында чет жерде коронавирус жуктурган 5 кыргызстандык бар.

Ал белгилегендей, Бириккен Араб Эмирлигинде коронаирус жуктурган 1 адам бар. Ал 15-марттан бери ооруканага жаткырылып, дарыланууда.

«Анын абалы канаатандырарлык», — деди ал.

«Пакистанда 3 адамда коронавирус тастыкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги билдирди», — деди ал.

Ошондой эле Испаниядагы бир жарандан коронавирус аныкталган.

Анын айтымында, аларга берилген маалымат боюнча ал жарандардын абалы канаттандырарлык.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Количество просмотров: 310