• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саламаттыкты сактоо министрлиги $1 млн ашык пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды

28 Бештин айы 2020 11:28 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык АКШ долларына мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында «D.&T.» ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 АКШ долларына контракт түзүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 млн 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 322-беренесинин («Билип туруп пайдасыз контракт түзүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндрүш жүрүүдө.

Количество просмотров: 154