• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдөн кийинки диагностиканы жакшыртууну көздөйт

25 Теке 2024 12:50 Бишкек Govori.TV


Саламаттыкты сактоо министрлиги сөөктү союунун тартиби жөнүндө жобонун мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Министрлик диний ишенимден улам патологоанатомиялык текшерүүнүн санынын азайышы жана маркумдардын өлүм себебинин дал келбөө учурларынын көбөйүшү
байкалууда деп белгилейт.


Министрлик бул аракетин Кыргызстанда өлүмдөн кийинки диагностиканы жакшыртуу, өлүмдүн себептерин аныктоо, дарылоочу дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу, диагностиканын жана дарылоонун кемчиликтерин талдоону ишке ашыруу жолу менен калкка дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүүнү өркүндөтүүгө багытталганын түшүндүрдү.

Количество просмотров: 130