• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Салянова: «Мага карата козголгон кылмыш иши асмандан алынган, жөн эле фантастика»

7 Бирдин айы 2018 11:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02. 2018. Govori.TV

«А.Елисеевдин лицензиясын жандандырбай койгонго эч кандай негиз жок болчу. Юстиция министрлигиндегилер дагы бул иште менин мыйзам бузбагандыгымды айтышты. Ошого карабай, тергөө органдары болбогон айыптарды коюп жатышат»,- деди Аида Салянова. Бул тууралуу ал сот учурунда журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Салянованын айтымында, иштин делосуна Салянованын пайдасына чогултулган көрсөтмөлөр дагы тиркелген.

«Кылмышты жасаш үчүн мотив болуш керек. Жок эле дегенде Елисеевди таанышым керек болчу. Елисеев дагы мени тааныбасын айткан. Мага карата козголгон кылмыш иши асмандан алынган, жөн эле фантастика»,- деди Салянова.

 

Количество просмотров: 21