• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Салянованы мандатынан ажыратыш үчүн БШК шашылыш жыйын өткөрөт.

3 Жалган куран 2018 8:59 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Бүгүн саат 14:00гө белгиленген жыйын шашылыш түрдө болуп калганы айтылууда.

Эксперттер соттун өкүмү 12 жылдан кийин күчүнө кире турган болсо, азыр Аида Салянованы мандатынан ажыратууга болбой тургандыгын айтышууда.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага юстиция министри болуп иштеп турган кезде Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз берген деген айып коюлган. Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан. Салянова жана анын тарапташтары сот өтө тездик менен өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар болгондугун айтып келишет.

 

 

Количество просмотров: 2