• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жапаров Ошто “Асман Резиденс-1” турак жай комплексин ачты

8 Кулжа 202612:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс 1” турак жай комплексин жана онлайн-режимде Ош облусундагы Жаңы-Арык айылындагы комплексти ачты.

Мамлекет башчысы Ош шаарынын тургундарын үйлүү болушу менен куттуктап, эки ай мурда облустун райондорунун жашоочулары менен жолугушууларда калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелердин бири үй-жай маселеси болгонун эске салды.

Садыр Жапаров анын тапшырмасынын негизинде бардык аймактарда өтүп жаткан жергиликтүү жетекчилердин эл менен жолугушууларында үйгө муктаж жарандарыбыз дагы дал ушул маселени көтөрүп жатышкандыгын белгиледи.

“Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири – бул үйгө муктаж жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу деп айтып келебиз.

Айткан сөзүбүз ишибиз менен айкалышып, өлкөбүздө турак жай куруу мурда болуп көрбөгөндөй темп менен жүрүп жаткандыгына өзүңүздөр күбөсүздөр”, — деди президент жана мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу өлкөбүздүн бардык аймактарында 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы учурда Ош облусу боюнча 2044 батирлүү 3 турак жай комплекси курулуп жатканын баса белгиледи. Ош шаарында 5518 батирлүү 4 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде мынакей “Асман Резиденс — 1” турак жай комплекси бар.

Бул комплекс 8 блоктон турган, 12 кабаттуу заманбап турак үй болуп саналат. Жалпы 543 батирден турат. Жер астындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы, коммерциялык жайлар жана башка зарыл инфраструктуралар каралган. Комплекс заманбап архитектуралык стилде иштелип чыккан, короо аймагы көрктөндүрүлүп, күзөт тутуму менен камсыздалган.

Садыр Жапаров баштапкы планга ылайык комплекстин куруп бүтүү мөөнөтү ушул жылдын 4-кварталы деп белгиленгенин айтты. Бирок адистердин биргелешкен ишинин аркасында объект белгиленген мөөнөттөн мурда курулду. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, куруучуларга, инженерлерге жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жамаатына ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент “Асман Резиденс — 1” турак жай комплекси менен бирге Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында көп кабаттуу 5 үйдү онлайн ачты. Биринчи этабында 225 батир тапшырылды, 2-этап менен жыл соңуна чейин дагы 225 батир курулуп бүтүп, ээлерине берилет.

Мындан тышкары мамлекет башчысы курулуш иштерине көзөмөл кескин күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганына өзгөчө көңүл бурду.

Караколдогу турак жайдын чатырынан суу агып жатканы тууралуу жакында болгон окуяга токтолуп, Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.

“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да”, — деп белгиледи президент.

Бул контекстте ал мамлекет өзү 30 жылдан бери дээрлик эч нерсе курбаганын айтты. Акыркы беш жылда гана жолдорду, көп кабаттуу турак үйлөрдү жана башка объектилерди өз күчүбүз менен активдүү кура баштадык.

“Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”, — деди Садыр Жапаров.

Ал сөзүнүн соңунда ар бир адам элдин жана Мекенин жыргалчылыгы үчүн ак ниет эмгектенсе, Кыргызстан өнүгүүнүн үстүндө болорун, калкыбыз бакубат өмүр сүрөрүн баса белгиледи.

Андан соң президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургунуна батирдин ачкычын тапшырды. Мындан кийин батирлерди жана турак жай комплексинин инфратүзүмүн көрүп чыкты.

Количество просмотров: 22