• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады

30 Үчтүн айы 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады.

Ведомстводон белгилешкендей, кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. Ага ылайык, 1-апрелге чейин – юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана 1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер өткөн жылы алынган кирешелери, ошондой эле, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык иши жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Алсак, ушул жылдын 1-апрелине чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо ата мекендик уюмдар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-майга чейин жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар тапшырышат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Количество просмотров: 186