• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Салык кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

25 Чын куран 2024 13:45 Бишкек Govori.TV

Салык органдары 25-30-апрель күндөрү түн ортосуна чейин иштешет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүктү жүргүзүү максатында кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн убакыттын ичинде салык кызматкерлери декларацияларды иш күндөрү жана дем алыш күндөрү да эртең мененки саат 09:00 дөн түнкү саат 00:00 гө чейин кабыл алышат.

Белгилей кетсек, жеке жактар декларацияны онлайн режиминде «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болот. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

Количество просмотров: 85