Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго өкүм чыгарды.
Ага ылайык, Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Абдуваповго 400 миң сом жана Кыдыргычовго 300 миң сом айыппул жазасы берилип, алар камактан бошотулган.
Аларга белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салынган. Андан тышкары атайын наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.
Экөөнүн тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен алмаштырылды.