• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Самаркандда ШКУга мүчө өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

16 Аяк оона 202211:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ушул күндөрү Самаркандда (Өзбекстан Республикасы) ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги жолугушуусу өтүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Саммиттин катышуучуларын Самарканд туристтик борборунун Конгресс борборунда тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Количество просмотров: 80