Спорттун самбо түрү боюнча эки кыргызстандык дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Бишкек шаарында өткөн чемпионатта кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов самбо боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал 98 киллограммдан жогорку салмактагылар арасында чыгып, финалда монголиялык атаандашы Дамдинсурен Пуреворжду жеңип алды.
Ал эми 79 киллограмм салмак категориясы боюнча кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев финалда казакстандык атандашын жеңип, дүйнө чемпиону болду.
Самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат 11-ноябрда Бишкектеги «Газпром-балдар» ден соолукту чыңдоо борборунда башталган. Кыргызстан мындай деңгээлдеги чемпионатты биринчи жолу өткөрүп жатат.