• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Самыйкожо: Класстын ичинде көйнөк сатып жаткан мугалимдер бар

7 Кулжа 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку кеңеште Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында, эл өкүлү Мирлан Самыйкожо «мугалимдин укугун» коргогон мыйзам долбоорун сунуштады.


«Мугалимди биз «робот» катары көрүп калдык да. Мугалим робот эмес. Мугалим дагы эне, мугалим дагы ата. Анын да үйүндө көйгөй бар. Анын да баласынын бут кийими жыртылат. Үйүндөгү бардык маселесин унутуп, мектепке билим берүү үчүн келсе, анын кийген кийимин шылдындаган көрүнүш туура эмес болуп калат»,-деди.


Өз кезегинде мугалим да мугалимдей болуп жүрүшү керектигин дагы эске салып өттү.


«Учурда класстын ичине кирип, алып ботинка, көйнөк сатып жаткан мугалимдер бар. Эгер ошондой мугалимдер болуп атса, алардын кадыры, сыйы кетет»,-деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 8021