• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуучунун энеси мугалимге кол көтөргөн. Окуя боюнча милиция териштирүү баштады

3 Чын куран 202618:39 Бишкек Govori.TV

Буга чейин соцтармактарда Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган баланын апасы мугалимге кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган.

Мугалим мындай “мамилеге” окуучу баланы сабактан кийин анын коопсуздугу үчүн сыртка чыгарбай койгону үчүн туш болгонун жазган.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 3-апрелде окуя тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 9-март күнү Ош шаарындагы жеке менчик мектептердин биринин мугалими Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда мектепте окуган 1-класстын окуучусунун апасы ургандыгын билдирген. Ушул эле күнү арыз жазган мугалимдин үстүнөн аталган окуучунун апасы дагы арыз жазып, анда ал 1-класстагы баласын мугалим ургандыгын билдирген.

Учурда бул факт боюнча Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тараптардын кыймыл аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.

Количество просмотров: 297