Акыркы сутка ичинде Санкт-Петербургдан келген дагы 3 курсанттан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майдагы онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөгө келген жалпы 18 курсант вирус жуктурган.
22-майга карата өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1350 адамга жетип, анын ичинен 949 бейтап айыгып, 14 киши каза болгон.