Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин уулуна өкүл ата болду. Бул тууралуу Кактус.медиа өздүк булактарынын маалыматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Кадырбаев жакында уулун үйлөнтүп, той Бишкекте өткөн. Анда уулуна мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков өкүл ата болгону айтылып, ал эми тойго Исаковдун жубайы катышкан.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдагы октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө чыгып кеткен.