• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сапар Исаковдун жактоочусу Башкы прокуратура кайрылды

11 Жетинин айы 2019 19:42 Бишкек Govori.TV

Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Анда адвокат ЖЭБ боюнча кылмыш ишиндеги айрым документтер атайын алмаштырылып, жасалма жол менен чыгымды көбөйтүү аракети болгонун айтууда.

Токтакуновдун жүйөсүндө, чыгымды эсептөөдө Курулуш жана архитектура агенттигинин айрым кызматкерлери документтеги айрым барактарын атайлап алмаштырып койгон. Мындай жол менен ЖЭБди жаңылоодо чыгымды көбөйтүү аракети болгон. Адвокат башкы прокурорду бул кырдаалга көңүл бурууга жана чара көрүүгө чакырды.

Бул кайрылуу боюнча Башкы прокуратура жана Курулуш жана архитектура агенттигинен эч кандай комментарий берише элек.

Бишкектин Сведлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча сот жүрүп жатат. Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир нече жетекчилер айыпталган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча ЖЭБди жаңылоодогу мыйзамсыз иштерден мамлекетке 111 миллион долларга жакын чыгым келген.

Количество просмотров: 149