• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сапар Исаковго «коррупция» беренеси боюнча айып тагылды

29 Бугу 2018 21:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2018.Govori.TV.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго «коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Сапар Исаков 2013-жылы президентинин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков бүгүн, 29-майда үчүнчү ирет УКМКга Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылган болчу.

Количество просмотров: 35