• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

300 миң айып. Нарында текеге мыйзамсыз аңчылык кылган факты катталды

14 Бугу 202616:11 Бишкек Govori.TV

Нарында текеге мыйзамсыз аңчылык кылган факты катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармалып, алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды.

Экосистемага келтирилген бул одоно зыян үчүн мыйзам бузуучуларга 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлуп, чогултулган материалдар Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Мындай кылмыштар Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнө калыбына келгис зыян келтирет.

Количество просмотров: 168