• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча дагы 29 киши соттолду

20 Аяк оона 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Сардаба суу сактагычындагы кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы 29 киши соттолду.

Кun.uz басылмасы өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, соттолуучулардын баары тең «Өзүнө ыйгарып алуу же коротуу жолу менен акча уурдоо», «Кызматтык жасалмалуулук» жана «Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Сот өкүмүнө ылайык, «Узтемирйулкурилишмонтаж» ишканасынын башкы директорунун орун басары 10 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Гидротехникалык имараттарды куруу бөлүмүнүн башчысы 5 жылга соттолуп, 122,6 миллион сум (11,2 миң доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилсе, «УзГип» жоопкерчилиги чектелген коомунун бөлүм башчысы 5 жылга эркинен ажыратылып, 133,8 миллион сум (12,2 миң доллар) айып пул төлөмөй болду.

Калган соттолуучуларга ар кандай суммадагы айып пулдар салынып, түрдүү мөөнөттөргө эркиндиктери чектелди.

2021-жылы майда Өзбекстандын Жогорку сотунда Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча алгачкы кылмыш иши каралып, 17 киши соттолгон.

2020-жылы 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычынын дамбасы жырылып, алты киши каза болуп, 70 миңге жакын адам эвакуацияланган. Казакстандын Өзбекстанга жакын Түркстан облусунда да тургундар коопсуз жерлерге көчүрүлгөн. Мындан тышкары Түркстан облусунун Мактаарал районунда кеминде беш калктуу конуш жабыркаган. Расмий маалыматтар боюнча 2 570 жеке жана 76 көп кабаттуу үй талкаланып, 7000 гектар эгин аянтын суу жууп кеткен. 300гө жакын бодо мал өлгөн.

Количество просмотров: 77