• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сариев менен Текебаев Германияда эмнени сүйлөштү?

12 Чын куран 2023 9:46 Бишкек Govori.TV

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Өмүрбек Текебаевдин чакыруусу менен Германияга барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Текебаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Темир Сариев менин чакуруум менен Германияга келди. Берлинде бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Бүгүн Гамбурга бара жатабыз. Ал жерде Соода өнөр жай палатасында бизнесмендер менен сүйлөшүүлөр болот. Күздө герман-кыргыз ишкерлер форумун Гамбургда өткөрсөк деген планыбыз бар. Жакшы жыйынтыктар болот деп турабыз», — деп жазды Текебаев.

Эске салсак, 2022-жылдын 19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев ага төрага болуп шайланган.

Количество просмотров: 111