• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович

депутат ЖК КР VII созыва

Парламентская фракция «Ата-Журт Кыргызстан»

Комитет по бюджету, экономической и фискальной политике

Родился в 1971 году 11 сентября в  селе Гульча Алайского района Ошской области.

1978 году начал обучаться в средней школе имени Макаренко в селе Гульча и в 1988 году окончил среднюю  школу имени академика М.Адышева.

 1989-1991 годах служба в рядах Советской Армии, ГДР.

  1995 году окончил Ошский технологический техникум, в 2008 году окончил Ошский Государственный юридический институт.

Трудовая деятельность:

   В 2008 году на выборах депутатов местных кенешей был избран депутатом Алайского районного кенеша. В этом же году в результате тайного голосования депутатов был избран торага районного кенеша.

   2012-2015 годах глава Алайской районной государственной администрации — аким Алайского района.

   2015-2018гг полномочный представитель Правительства Кыргызской Республики в Ошской области.

   2018-2021гг  мэр города Ош.

  В 2021 году 2 августа путем ротации был назначен и.о мэра города Бишкек. 12 августа этого же года покинул эту должность по собственному желанию.

  С ноября 2021 года — депутат Жогорку Кенеша VII созыва.

  В 2020 году за вклад в развитие социально-экономических показателей страны был награжден Почетной Грамотой Правительства Кыргызской Республики

   Женат, отец 4 детей.                        

депутат Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы (Бир мандат)

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети
1971-жылдын 11-сентябрында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында жумушчунун үй бүлөөсүндө туулган.
1978-жылы Гүлчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 1988-жылы 10-классты академик Муса Адышев атындагы орто мектебинен ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы жолдонмо менен Алай автобазасына автослесарь болуп жумушка орношуп, 1989-жылга чейин эмгектенен.
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында Германия Демократиялык Республикасында кызмат өтөгөн. Ал 1991-1992-жылдары Ош жер-жемиш комбинатында сатуучу болуп иштеген.
1992-1995-жылдары Ош технологиялык техникумунун бухгалтердик факультетинде окуп билим алган. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
Жогорку окуу жайдан билим алган соң 2004-жылдан баштап Гүлчө айылында чакан ишканада жетекчи болуп эмгектенген.
2008-жылдын 5-октябрында болуп өткөн жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоодо №6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан райондук Кеңешке депутат болуп шайланган. Ушул эле жылдын 14-октябрында Алай райондук Кеңешинин II чакырылышынын I уюштуруу сессиясында альтернативдик негизде жашыруун добуш берүү жолу менен райондук Кеңештин төрагалыгына койгон 5 талапкердин ичинен Алай райондук Кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
2012-жылдын 8-февралынан 2015-жылдын декабрь айына чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп иштеген. 2015-жылдын 9-декабрынан тартып 2018-жылдын 24-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, эмгектенген.
2018-жылдын 24-июлунан тартып Ош шаарынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп, Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын 45 инин 44ү ага ишенип көрсөтүп, Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Бул кызматта 3 жыл эмгектенген.
2021-жылдын 2-августунда ротация жолу менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын 12-августунда өз каалоосу менен кызматты тапшырып берген.
2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII созывынын депутаты болуп шайланган.
Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилик кызматтарды аркалап, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен 2020-жылы сыйланган. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Өз ара аракеттенишүү жана кызматташтык үчүн” төш белгиси (2019-ж), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын “Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына 25 жыл” юбилейлик медалы (2019-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын “Салыктык кызматташтыкты чыңдоо үчүн” медалы (2020-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Ардак белги” төш белгиси (2021-ж.), Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин “Эмгек сиңирген үчүн” медалы (2020-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгилери менен (2019-ж.) сыйланган.
Үй-бүлөөлүү, 4 баланын сүйүктүү атасы.

Количество просмотров: 28