• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Северная» бажысынын мурдагы жетекчиси кармалды

26 Бугу 2018 22:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек 26.05.18 Govori.tv

«Северная» темир жол бажысынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу  жайына камакка алынды. Бул тууралуу Govori.Tv агенттигине укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Алдына ала маалыматтарда кечээ анын үйү тинтүүгө алынган.

Нурбек Айбашев 2016-жылдын апрель айынан бери «Северная» темир жол бажысын жетектеп келип, жакында кызматынан алынган.

Анын камалышы тууралу Экономикалык жана каржы кылмыштары менен күрөшүү кызматы маалымат берүүдөн баш тартты. Бажы кызматында мындай маалымат жок экен.

 

 

Количество просмотров: 28