17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 18-октябрдан тарта үгүт иштери башталды. Мындан улам Бишкек шаарынын тургундарынан өздөрүн талапкер катары көрсөтүп убада берип, эл ишенимине ээ болобуз деген талапкерлерге карата пикири кандай экенин өз ооздорунан угуп көрдүк.
Ушу кезге чейин Бишкек, Ош жана башка шаардык кеңештеринин шайлоосуна катышуу ниетин 39 саясий партия билдирип, талапкерлердин 188 тизмеси тапшырылган. Натыйжада 187 партиялык тизме катталган. Аларда жалпы 4928 талапкер бар. Анын ичинен 3183ү эркек, 1745и аялдар.