• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү маселеси сотто каралды

25 Бештин айы 201812:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.12.2018.Govori.TV

Бишкек шаарынын жашоочуларынан түзүлгөн «Биздин укук» коомдук фонду Шабдан Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүн 7-апрель деп өзгөртүү тууралуу токтомго каршы чыгып сотко кайрылышкан. Бул тууралуу соттук отурум болуп, анда алмаштыруу маселеси талкууга түштү.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан (Аалы Токомбаев көчөсү) Чүй проспектине чейинки бөлүгүн 7-апрель деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган башкалаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулганы айтылган. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган. 

https://www.facebook.com/adil.turdukulov/videos/2176017369319506/UzpfSTEwMDAwMTk1MzkwNjEzMjpWSzoyNTg0MDA5MTUxNjE1NjIw/
Количество просмотров: 69