Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган.
Эске салсак, ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы, бул ишти ачууга Мамлекеттик салык кызматынын жана аудитордук текшерүүнүн материалдары себеп болгону буга чейин белгилүү болгон.
Ташиев күбө катары бир нече жолу суракка алынып жатканы кабарланган. Ал эми 1-апрелдеги сурактан кийин ал кармалган.