• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024
elections

Шайлоо-2020: Төрт партия 7% босого чектен өттү

4 Тогуздун айы 2020 23:33 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялап жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, 4 партия 7% шайлоо босогосун өттү:

  • «Биримдик» — 24,53%
  • «Мекеним Кыргызстан» — 23,9%
  • «Кыргызстан» — 8,74%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 7,09%

Башка саясий партиялардын  көрсөткүчтөрү:

  • «Мекенчил» — 6,85%
  • «Республика» — 5,81%
  • «Ата Мекен» — 4,04%
  • «Ыйман Нуру» — 3,35%
  • «Бир Бол» — 3,03%
  • «Чон Казат» — 2,33%
  • «Замандаш» — 2,15%
  • «Социал-демократтар» — 2,12%
  • «Реформа» — 1,64%
  • «Мекен Ынтымагы» — 0,63%
  • «Ордо» — 0,22%
  • «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» — 0,17%
  • Баарына каршы — 1,79%

«БШКнын башкы серверине ар аймактагы электрондук урналардан жаңыланган жыйынтыктар келип түштү. Бюллетендер колго саналып, ал негизги жыйынтык катары эсептелет. Андан кийин протоколдор аймактык комиссияларга жөнөтүлүп, так жыйынтык чыгат», — деди Шайлдабекова.

Парламенттик шайлоо бүгүн өтүп, добуш берүү участкалары саат 20.00дө жабылган.

Количество просмотров: 926