• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

Шайлоо 2024: Ноокат районунан шайлоого ким аттанып жатат? (Сүрөт)

15 Бугу 2024 11:05 Бишкек Govori.TV

Ноокат жана Ысык-Көл шайлоо округдарында 30-июнда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү пландалууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоону баштаган.

15-майга карата депутат болууга эки округдан 10 адам талапкерлигин көрсөттү.

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси:

1. Марипов Бакытбек Асамидинович. Өзүн өзү көрсөтүп арыз тапшырган, 10.11.1988 жылы төрөлгөн, убактылуу иштебейт деп жазылганы менен, Ош облусунун Ноокат районунун экс-акими болчу. Ал буга чейин бул округга талапкерлигин коюп, бирок утулуп калган. Бакытбек Марипов экс-премьер-министр, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы азыркы элчиси Улукбек Мариповдун бир тууганы.

2. Айдосов Айболот Абдурахманович.

Айдосов 1986-жылы Ош шаарында төрөлгөн. КРСУну саясат таануу адистиги боюнча бүтүргөн жана Цзян университетинде (КЭР) кытай таануу боюнча магистр даражасын алган. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси, Эмгек министрлигинин мамлекеттик ресурстар секторунун башчысы, Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси кызматтарын аркалаган.

3. Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович. Байжигит Мурзакматов туулган 1985-жылы 1-февралда туулган. Ал убактылуу иштебей турганы БШКнын сайтында көрсөтүлгөн. Буга чейин №4 Көк-Жар округунан талапкер катары көрсөтүлгөн, бирок шайлоого катышуу үчүн шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес.

4. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович. 1969 жылы 21- майда туулган. Жеке ишкер. 2021-жылы Ноокат райондук шайлоо округунан шайлоого катышып, аз добуш алып калган.

5. Кудайбердиев Элдар Абдималикович. 1969 жылы 23- июлда туулган, убактылуу иштебейт.

Ноокат округунан Жусупбек Коргонбай уулу 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазган.

Количество просмотров: 185