• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Кайсы депутат кандай жагдайда мандатынан кол жууду? (тизме)

29 Чын куран 2024 15:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 90 депутатынын ичинен 14 эл өкүлү мандатын тапшырды. Бул коомчулукта талкууга жем таштап, ача пикир жаратууда. Кайсы депутат кандай жагдайда мандатынан кол жууду төмөндө тизмектейбиз.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган. 2022-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратып, жогорку билими тууралуу диплому жасалмаланган деп тапкан.

Ушул эле жүйө менен 2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов мандатынан ажыраган.

2023-жылдын март айында мушташка аралашкан Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан кол жууду. 12-мартта депутат Жаныбек Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Бул көрүнүш коомчулукта талкуу жаратып, Абиров соцтармак аркылуу элден кечирим суроо менен депутаттык мандатын тапшырган.

2023-жылдын август айында № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Өмүрбек Бакиров добуш сатып алууга байланыштуу мандатынан айрылды.

2024-жылдын 2-февралында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынан шайланган депутат Эмил Жамгырчиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган. 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси менен айып тагылган. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен.

2024-жылы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешеси бар экени айтылган Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Абдувахаб Боронбаев жана Айбек Осмоновдор жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажырашты.

Март айында Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахман Муртазалиевге берилет. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту Атазовдун мандаты боюнча чечим чыгарып, мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. 

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Коргонбай уулу Жусупбек өз арызынын негизинде мандатын тапшырды.

25-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алды. Сарбагышев арызды эмне себептен жазганы белгисиз.

Кечээ жакында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылды. Тиешелүү маселе БШКнын 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 («Алдамчылык») жана 338инчи («Бийликтен аша чабуу») беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошоткон.

VII чакырылышта депутат болуп келгендердин арасында кызматка дайындалгандар бар. Алар: Алтынбек Сулайманов, Равшан Сабиров, Бакыт Төрөбаев.

Количество просмотров: 308