• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткен жана Кара-Суу округдарындагы шайлоого талапкерлер арыз берүүдө

7 Жалган куран 2024 14:07 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясына №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыздар түшө баштады. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Алимберди Бегматовдон арыз келип түшкѳн. Ал 1983-жылы туулган. КР чек ара коомунун жетекчиси.

Ал эми №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Ганишер Бадаловдон арыз келип түшкѳн. Ал 1971-жылы туулган, жеке ишкер.

Эскерте кетсек, КР президенти аталган эки бир мандаттуу шайлоо округудары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган.

Количество просмотров: 129