Токмокто «Адилет» партиясы шайлоодон четтелди. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча даттануулар менен мыйзам бузуулар реестринде катталган.
Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызында АШК «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын арызын канааттандырып, «Адилет» партиясынан талапкер Гүлзада Абдинасыр кызын каттоодон баш тартканы белгиленген. “Жаңы Кыргызстан” партиясы өз билдирүүсүндө Гүлзада Абдинасыр кызы шайлоо укуктары боюнча мыйзамдын талабын сактабай жатканын келтирген. Так айтканда, ал мамкызматкер болуп туруп, Чүй-Токмок статистика бөлүмүндө иштөөсүн уланта берген, бирок ага чейин «Адилет» партиясы ал кызматтык милдетин аткаруусун токтоткондугу боюнча документтерди көрсөткөн.
Талапкерди каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу АШК «Адилет» партиясын каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. Комиссия чечим кабыл алууда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын партиялык тизмеде бир жыныстагы адамдар 70 пайыздан ашпоосу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бирден кем эмес талапкер болушу керек деген талабын жетекчиликке алган.
Партия АШКнын мындай чечими менен макул эместигин билдирип, Боршайкомго даттанган. Даттанууда алар өз жүйөсүн келтирип, АШКнын чечимин жокко чыгарууну сурашкан.
Эске салсак, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ошол күнү Кыргызстан боюнча 33 шаардык кеңештин, 231 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.